Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Тажикстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болоору күтүлүүдө


Уюмдун Женевадагы штабында Тажикстанды ДСУга расмий кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлат. Ага ушул тапта Швейцарияда иш сапары менен жүргөн тажик президенти Эмомали Рахмон катышары күтүлүүдө. Уюмдун баш катчысы Паскал Лами ДСУга мүчөлүк Тажикстанды дүйнөлүк экономикага жана ачык-айкын глобалдык соода системасына кошот деп билдирди.

ДСУга мүчө болуу үчүн он бир жылдан бери аракеттенип келе жаткан Тажикстан уюмдун 158-мүчөсү болуп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG