Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев президент Путиндин ишенимдүү адамдары менен жолукканда сөз козгоп, андай өлкөлөр катары Кыргызстан, Украина, Тажикстанды атады. Патрушевдин пикиринде бул өлкөлөрдөгү окуялар Орусияга да коркунуч туудурат, андыктан алдыда бул маселеге көңүл бурулат.
Патрушев Орусия Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын жүрүшүнө көз салып жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле Орусиянын полициясынын уруксатсыз митингге чыккандарды кууп-таратканын туура деп баалап, чет өлкөлөрдө андай учурларда ур-токмокко жол берилерин айтты.