Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Ооганстанда дарыгерди бошотууда америкалык аскер мерт кетти


Расмий Вашингтондун маалыматы боюнча, америкалык аскер талиптер уурдаган америкалык дарыгерди куткаруу операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Маалыматта айтылгандай, "америкалык аскерлер операция учурунда өздөрүнүн эр жүрөктүгүн, атуулдугун жана мыкты даярдыктан өткөндүгүн көрсөтө алышты".

НАТО башчылык кылган эл аралык күчтөрдүн жетекчилиги дарыгер жекшембиге караган түнү бошотулгандыгын билдирди. Аны бошотуу миссиясы учурунда кеминде жети талип өлтүрүлгөнү кабарланууда.

Дарыгер Дилип Жозефти талибандар 5-декабрь күнү Кабулдун Сурови районунан уурдап кетишкен болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG