Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Бишкекте классикалык музыка концерти өтөт


Бүгүн Бишкекте дүйнөлүк жана кыргыз улуттук классика музыкасынын концерти өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук консерваториядан кабарлашты. Концерт белгилүү музыкант жана педагог, Кыргызстандагы классикалык аткаруучулук мектептин негиздөөчүсү, Эл артисти, профессор Кайыпбек Айтыгуловдун 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси катары уюштурулуп жатат.

Кайыпбек Айтыгуловдун ысымы кыргыз улуттук музыкалык топтордун жаралышы, калыптанышы жана өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Ал флейтада мыкты ойночу. Артында мыкты шакирттери калды.

Бүгүн кечинде Улуттук консерваториянын чоң залында өтө турган концертке Бишкек мэриясына караштуу симфониялык оркестр жана үйлөмө аспаптар оркестри, консерваториянын окутуучулары жана студенттери, Абдраевдин окуучулары катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG