Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Орусия 20 миң тонна буудайды ушул аптада жөнөтө башташы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. Ага ылайык, 20 миң тонна буудайды алуу боюнча келишимдин долбоору бүгүн жөнөтүлдү. Документке кол коюлары менен ушул жуманын аягында буудай ташылып келе башташы мүмкүн. Асылбеков Орусиядан калган 80 миң тонна буудай жаңы жылда алынарын билдирди.

Буга чейин айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев Казакстандан мурда макулдашылган 200 миң тонна буудайды алуу боюнча сүйлөшүү аяктай электигин “Азаттыкка” билдирген. Тараптар буудай баасы боюнча келише албай жатат. Казакстан буудайды базар баасында берүүгө макул, Кыргызстан болсо андан арзан алгысы келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG