Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Камчы Көлбаев бир айга камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8-декабрда Көлбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына бир айга, 8-январга чейин камоо чечимин кабыл алды.
Камчы Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.
Көлбаев 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алынып келди. (RK)