Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Жалал-Абадда укук коргоочулар студенттер менен жолукту


Жалал-Абадда укук коргоочулар студенттер менен жолукту. Бүгүн адам укугунун эл аралык күнүнө байланыштуу жолугушуу шаардагы Экономика жана ишкердик университетинде өттү. Ага аталган окуу жайдын жүздөн ашык студенти менен окутуучулары катышты. "Кылым шамы " адам укугун коргоо борборунун Жалал-Абаддагы координатору Абдиназар Маматисламов студенттердин жаштар, балдар, адам укугунун бүгүнкү абалы, бүткүл дүйнөлүк бул күндүн мааниси тууралуу суроолоруна мисал келтирүү менен жооп берди. Ал эми калкты социалдык жактан коргоо боюнча Лидия Фомова атындагы республикалык бирикменин Жалал-Абадагы башчысы Лидия Линдоренко керектөөчүлөрдүн укугу тууралу сөз кылды. (RK/YA)

XS
SM
MD
LG