Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Укук коргоочу Токтонасыров БУУга нааразы


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө нааразы. Мындай пикирин билдирген Токтонасыров ушу тапта БУУнун Бишкектеги кеңсесине барып нааразылык акция өткөрмөй болуп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

"Бириккен Улуттар Уюму адам укугунун корголушу боюнча кооз сөздөрдү айтканы менен иш жүзүндө кош стандартуулук бар, укук коргоо багытында эч бир алгылыктуу натыйжа жок. Эмне себептен күнөөлүү деп шектелген Кадыржан Батыровду, Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу жагынан көмөктөшпөйт?", - дейт Токтонасыров.

Бүгүн 10-декабрь - Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күн. (RK)

XS
SM
MD
LG