Пакистандын борбору Исламабад шаарында кыргызстандык Жамал Папиева аттуу айым жеке бала бакча ачты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Папиеванын "Азаттыкка" айтымында, ал өзү Ош облусунда туулган. Бир нече жыл мурда Ошто жеке мектеп ачкан. Кийин Пакистанга иштегени кеткен. Учурда Папиева пакистандык жарандын жубайы, эки баласы бар.
Бизде бала бакчадан баштап 5-класска чейинки баштапкы билим берүү классы да бар. Окуучубуз 40ка жакын. Бүгүн биринчи окуу күн болду. Исламабаддын каалаган тургундары үчүн эшигибиз ачык, - дейт Папиева.
Жамал Папиеванын айтымында, окуу англис тилинде жүргүзүлөт. Азырынча тарбиялануучулардын арасында кыргыздардын балдары жок. Болгону өзүнүн эки баласы гана. Тарбиячы-мугалимдердин үчөө - кыргызстандыктар.
Расмий маалымат боюнча Исламабаддагы кыргыз консулдугунда 185 жаран катталган. Алардын 56сы - пакистандыктарга күйөөгө чыккандар, 42си - медреселерде окуган кыргызстандык өспүрүмдөр, экөө - Бириккен Улуттар уюмунун программасында иштегендер. Ал эми 85 бала энеси кыргызстандык катары каттоого алынган. (RK)