"Кыргызстан" авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта Орусияда каза болгон кыргызстандык мигранттардын сөөгүн мекенине бекер жеткирип бермей болду.
Мындай чечим кабыл алынганын авикомпаниянын башчысы Жолдошбек Бектурганов “Азаттыкка” 7-декабрда билдирген. Анын айтымында, буга чейин чет жерде ар кандай шартта каза болгон адамдын сөөгүн, башкача айтканда “жүк-200дү” ташып келүү үчүн 250 евро алынчу, андан кийин 200 доллар болуп арзандаган. Бектурганов эми маркумдун тууган-туушкандарынын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн компания каттаган бардык тараптан жүктү ташуу акысын алуудан баш тарты. Ошондой эле башка жергиликтүү авиакомпанияларга тилектештик билдирип, мындай сунушту колдоо өтүнүчү менен кат жөнөттү.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган авиакомпаниянын чечимин кубаттап, колдой турганын бүгүн билдирди.
Элчиликтин расмий маалыматы боюнча, быйыл он айда Орусиядан Кыргызстанга 328 кыргызстандыктын сөөгү жөнөтүлгөн. (RK/EBM)