Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Аялдарга карата зомбулукка каршы акция өттү


Бүгүн Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы акция өттү. Уркуя Салиеванын эстелигинин алдындагы аянтчага укук коргоочулар, журналисттер, жаш ыктыярчылар 19 300 желекче орнотушту. Дал ушунча, 19 300 аял бир жыл ичинде зомбулукка кабылган.

Ар бир байрак - аялдын символу. Бир жыл ичинде расмий булактарды эле алганда 19 300 аял Кыргызстанда зомбулуктун ар кандай түрүнөн жапа чеккен. 9 800 кызыл желекче - зордоп ала качылган кыздардын, 2 000 ак желекче - ала качылып зордукталгандардын, 7 500 кызгылт желекче - үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгынын символу.

Бүгүнкү иш-чара менен Кыргызстандагы гендердик зомбулукту токтотууга арналган 16 күндүк акция жыйынтыкталды. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG