Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Германияга расмий сапарга жөнөп кетти. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев Германиянын президенти Йоахим Гаук, канцлери Ангела Меркел, Берлин шаарынын бургомистри Клаус Воверайт менен жолугат.
Ошондой эле Конрад Аденауэр фондунда болот, Берлиндеги кыргыз элчилигине барат, Рейхстагды кыдырып көрүп немис парламентинде жолугушууларды өткөрөт.
Расмий сапардын жыйынтыгында бир катар документке кол коюлат. (RK)