Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Тажикстан: президенттин тууганынын өлүмү "жашыруун сыр"


Тажик президенти Эмомали Рахмондун июнда баш калаа Дүйшөмбүдө атып өлтүрүлгөн күйөө баласы тууралуу тергөө маалыматы «өзгөчө жашыруун сыр» деп табылганы ачыкка чыкты.

57 жаштагы Холмумин Сафаровдун өлүмү боюнча дүйшөмбүлүк ишкер Диловаршо Косимов кармалган эле. Косимовдун адвокаты Шухрат Кудратов тергөө иши тымызын жүргүзүлүп жаткандыгын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр Сафаровдун өлүмүнө байланыштуу 19 том документ топтоду, бирок алардын мазмуну белгисиз.

Кудратовдун сөзү боюнча, анын кардары бул өлүмгө эч кандай тиешеси жок экендигин айтууда. Тажикстандын Баш прокуратурасы тергөөнү президент Рахмон жеке көзөмөлгө алганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG