Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Тибетте өспүрүм кыз өзүн өрттөп жиберди


Кытайдын батышындагы Чинхай дубанындагы Дагери айылында 16 жаштагы кыз кечээ өзүн өрттөп жибергенин мамлекеттик "Синхуа" агенттиги билдирүүдө. Кабарда кыздын аты айтылган жок. Чинхайда көп санда этникалык тибеттиктер жашайт. Укук коргоочулардын айтымында, 2009-жылдан бери Кытайдын Тибетти басып турушуна каршы өздөрүн өрттөгөн тибеттиктердин саны 90дон ашты. Басымдуу көпчүлүгү күйүктөн көз жумду. Лондондо жайгашкан "Эркин Тибет" уюмунун билдиришинче, Чинхайда каза болгон кыз өзүн өрттөгөн эң жаш кыз болуп калды.

XS
SM
MD
LG