Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Кытайдын түрмөлөрүндө Кыргызстандын 20 жараны отурат


Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Жээнбек Кулубаев кечээ парламенттин эл аралык иштер комитетинде билдирди. Анын айтымында, кыргыз жарандары негизинен баңзат менен кармалышкан, үчөө киши өлтүрүп, экөө уурулук кылганы үчүн камакта отурушат. Элчилик камакта отурган кыргызстандыктардан мезгил-мезгили менен кабар алып турат жана аларды туугандары менен байланыштырып турууга аракет кылат деп кошумчалады элчи. Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, Кытайда Кыргызстандын 350 жараны иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG