Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Азербайжанда демонстрация күч менен таркатылды


Бакы калаасында тартип коргоочулар бүгүн оппозициячыл партия, кыймылдардын «Коомдук камерасы» деп аталган коалициянын демонстрациясын күч менен кууп таркатты. Ондогон активисттер бүгүн эл аралык Адам укуктарын коргоо күнүн белгилөө үчүн баш калаа Бакыдагы Фонтан аянтына келишкенде, полиция аларды аянтка киргизбей койду. Активисттер «Парламент тарасын» деп ураан чакырышты. Алар добуш берүүдөгү көз бойомочулук алардын эркин жана акыйкат шайлоого болгон укугун бузгандыгын айтышты. 80 чакты оппозиция өкүлү кармалды.

XS
SM
MD
LG