Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Ооганстанда аялдардын өкүлүн өлтүрүп кетишти


Лагман дубанынын өкмөтүндө аялдардын ишин тейлеген бөлүмдүн жетекчиси Надя Сыдыки бүгүн эртең менен атып өлтүрүлдү.

Сыдыкинин алдындагы бөлүм башчысы Ханифа Сафи июнда машинасына жабыштырылган магнит бомбасы жарылганда набыт болгон. Ооганстандын Көз карандысыз адам укуктары комиссиясынын өкүлү Адила Маракул мындай өлтүрүүлөр активист айымдарды токтото албайт деди:

Сыдыкинин өлүмү ооган аялдары, Ооганстандагы укук коргоочулар жана аялдардын укуктары үчүн күрөшкөндөр үчүн зор жоготуу болуп калды. Мындай аялдардын көзүн буга чейин да тазалап келишкен. Бирок алардын өлтүрүлүшү активисттерди зомбулуктун курмандыктары болгон аялдарды колдоодон баш тарттырбайт.

Ал арада Ооганстандын түштүгүндөгү Нимроз дубанында үйүнө бараткан жеринен жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал Мухаммад Муса Расоли атып өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG