Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Евробиримдикке Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылды


Европа биримдигинин үч башкы институту болгон Европа кеңешинин, Европа комиссиясынын жана Европарламенттин жетекчилери 27 өлкөдөн турган биримдиктин атынан бүгүн Ослодогу салтанатта Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алышты. Нобел комитетинин төрагасы Торбөрн Ягланд сыйлыкты тапшырып, эки дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн континентте тынчтыкты бекемдөөдөгү салымына токтолду. 1 миллион 250 миң доллардык сыйлык согуш аймактарындагы балдарга жардам берүүгө сарпталат.

XS
SM
MD
LG