Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Тажикстан Дүйнөлүк соода уюмуна кошулду


Тажикстандын мүчөлүгү боюнча протоколго бүгүн Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы баш кеңсесинде кол коюлду.

Уюмдун маалымат катчысы Кис Роквел "Азаттыкка" Женевадан буларды билдирди:

- Тажикстанда өсүш жакшы, былтыр соода 20 пайызга өстү. Тажикстандын коңшуларынын көбү Дүйнөлүк соода уюмуна кошулду же кошулуунун алдында турат. Тажикстандын уюмга 158-мүчө болуп кошулушу биз үчүн жакшы жышаана, бул Тажикстан үчүн да жагымдуу жаңылык деп ишенебиз.

Салтанатка азыр Швецарияда жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да катышмак. Тажикстан уюмга кирүүгө 11 жыл мурда арыз берген. "Тажикстандын уюмга кириши бул өлкөнүн глобалдык экономикада, глобалдык соода системасында туруктуу орун алууга жана ачык, тунук, дискриминациясыз чөйрөдө иш алып барууга шарт түзөт" деди уюмдун башкы директору Паскал Лами.

Орусия уюмга август айында кошулган.

XS
SM
MD
LG