Орус мыйзамчылары Мамлекеттик думага орус жарандарынын укугун тебелеген чет элдик жарандарды жоопко тартуучу мыйзам долбоорун сунушташты. Ага ылайык, мындай жарандарга Орусияга кирүүгө тыюу салынат жана алардын өлкөдөгү финансы иштери токтотулат. Парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Сергей Нарышкин мыйзам долбоору тууралуу Москва мамлекеттик университетинде сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты:
- Биз АКШнын адам укугун орой бузган мамлекеттик кызматчыларына жана жарандарына чара көрөбүз. Ушул жумада Мамлекеттик дума буга байланыштуу төрт фракция даярдаган мыйзам долбоорун карайт.
Бул кадам АКШнын Сенаты "Сергей Магницкий жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин жасалды.
Өткөн жумада АКШ Сенаты орусиялык адвокат Сергей Магницкийдин түрмөдөгү өлүмүнө тиешеси бар деп эсептеген орусиялык расмий өкүлдөрдү жазалоону караган мыйзам долбоорун жактырган.
"Сергей Магницкий атындагы мыйзам эрежеси үчүн жоопкерчилик актысы" деп аталган долбоор адам укуктарынын одоно бузулушуна жол берген расмий өкүлдөргө виза бербөөнү жана алардын банк эсебин токтотууну карайт. (ZKo)