Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Ноокатта жер титиреди


Бүгүн эртең менен Ноокатта жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча саат 8:15те Ноокат районунда эпицентринде 3 балл болгон жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекиловдун айтымында, силкинүүнүн очогу Ноокат шаарынан 40 чакырым түштүк-батышты, Ош шаарынан 45 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Таш айылында 3 балл, Жаңы-Ноокат жана Кыргыз-Ата айылдарында 2-3 балл болду.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)

 

XS
SM
MD
LG