Бишкекте үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер деп шектелген адам эки айга тергөө абагына которулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
24 жаштагы Таалайбек Жакыпов 8-декабрда Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгына күнөөлүү деп шектелүүдө. Учурда ал Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында жатат. Эми аны тергөө абагына которушат. Тергөө жүргөнчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим кечээ Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынган.
Жол кырсыгында бир адам мерт болуп, дагы экөө ооруканадан көз жумган. Социалдык түйүндөрдө бул каргашалуу окуя боюнча фото, видео жайгаштырылып, кызуу талкуу жаратууда. Айрым маалыматтарда Таалайбек Жакыпов Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовдун коомдук жардамчысы экени, ал учурда мас болгону айтылып жатат. Бирок милиция бул маалыматты расмий тастыктай элек. (RK)