Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Берлинде Кыргызстан - Германия сүйлөшүүлөрү башталды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Германиядагы расмий сапары башталды. Бир нече мүнөт мурда немис президенти Йоахим Гаук Алмазбек Атамбаевди өзүнүн Берлиндеги резиденциясында урмат-сый менен тосуп алганын, ушу тапта эки президент сүйлөшүп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы Шайырбек Эркин уулу кабарлады.

Анын айтымында, президенттердин жолугушуусунан кийин кыргызстандык расмий делегацияны Германиянын канцлери Ангела Меркел кабыл алат.

Атамбаев эки күндүк расмий сапар менен Берлинге кечээ, 10-декабрда жөнөп кеткен. Аны коштоп жүргөн делегациянын курамында президенттин жубайы Раиса Атамбаева, министрлер жана депутаттар бар. (SM/RK)

XS
SM
MD
LG