Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

БУУ: Ооганстанда аялдарды уруп-кордогондор дээрлик жазаланбайт

Улуттар Уюмунун айтымында, Ооганстан аялдар менен келин-кыздарды зобун-зордуктан толук коргоосу үчүн “дагы көп жолду өтүш керек”. БУУнун Ооганстандагы миссиясы бүгүн жарыялаган докладга караганда, аялдарды уруп-кыйноону кылмыш деп аныктаган үч жыл мурдагы мыйзамды аткарууда кээ бир оң жылыштар бар. Бирок көптөгөн зомбулуктар тергелбей калууда. Адам укугу боюнча Ооганстандын көз карандысыз комиссиясы быйыл март-октябрь айларында аялдарга каршы жасалган 4010 зобун-зордукту каттаган. Бул өткөн бир жылдагыдан эки эсеге көп. Эркектердин ур-токмоктору жөнүндө бийликке кабарлаган аялдар кайрадан эле зобундалган учурлар арбын. Зөөкүрлүк кылган ооган эркектердин өтө аз бөлүгү жоопкерчиликке тартылат, деп айтылат БУУнун докладында.
XS
SM
MD
LG