Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Хиллари Клинтон Мароккого бара албай калды


АКШнын мамкатчысы ичеги-карын инфекциясына байланыштуу Мароккого болчу сапарын токтотту. Хиллари Клинтон айымдын ордуна мамкатчынын орун басары Виллям Бөрнс барары расмий маалымдалды.

Шаршемби күнү Марракеш шаарында болчу жыйында Сирия оппозициясына көмөк көрсөтүү жагы талкууланат. Жыйында АКШ бийликтери Сирия оппозициясынын жаңы түзүлгөн коалициясын Сирия элинин бирден бир расмий өкүлү деп ырасмий тааныры айтылууда. Бул кадам Сирия оппозициясына чет элден жардам берүүгө жолду кенен ачат.

Associated Press агенттигинин кабарлашынча, Вашингтон Сирия оппозициясынын “ал-Каида” менен байланышы бар деп шектелген “Жабат ал-Нусра” тобун террорчу уюм деп жарыялады. Эми уюмдун Кошмо Штаттардагы эсебин токтотот жана америкалыктарга “Жабат ал-Нусра” менен иштешкенге тыйуу салынат.

XS
SM
MD
LG