Бүгүн Бишкек циркинде аюу адамга кол салган окуя болду. Москвадан гастролго келген аюулар менен машыгуу учурунда алардын бири дрессировщикке кол салган. Медиктердин айтымында, ал адамга тез жардам көрсөтүлдү, жарааты анча чоң эмес.
Цирктин көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Кадырбек Таджиевдин "Азаттыкка" айтымында:
Тез жардам келди. Баары жакшы. Аюулар азыр уктап жаткан кезек да, ойготкондо тургусу келбейт. Дрессировщик азыр циркте. Репетиция башталды.
Орусиядан келген цирктин концерттик программасы 15-декабрда башталат. (RK)