Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Германия Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүнү улантат


Германия канцлери Ангела Меркел журналисттер менен жолугушуу учурунда кыргыз президентинин сапары ийгиликтүү болгонун белгиледи. Меркел ошондой эле Кыргызстан алыс жайгашканына карабай Германия ар тараптуу жардам берип келатканын, мындан ары да жардам берүү улана берерин бекемдеди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы катары Европага алгачкы сапары болгонун белгилеп, ыраазычылыгын билдирди жана кийинки жылы Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Маалымат жыйыны учурунда президент Алмазбек Атамбаев антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аэропортунда жайгашкан Транзиттик борбору мурда айтылгандай эле 2014-жылы чыгарыларын белгилеп кетти. “Биз сүйлөшүүлөрдө айтканбыз, 2014-жылдын апрель айынан тартып, “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында аскердик курам болбойт, анткени ал жерде шаар жана жарандык аэропорт бар”, деди президент.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германияга эки күндүк иш сапары менен 10-декабрда кечке жуук барган. Мамлекет башчыны 11-декабрда немис президенти Йоахим Гаук өзүнүн Берлиндеги резиденциясында тосуп алды. (ZKo/SM)

XS
SM
MD
LG