Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Бүгүн "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы ачылат


Уюштуруучулардын бири, кинорежиссер Бакыт Турдубаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, фестивал үч күнгө созулат.

Иш-чарада кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалардын улуттук жана эл аралык сынагы болот. Сынакка жалпысынан 27 тасма катышат, анын ичинен 16 фильм жергиликтүү, ал эми 11 тасма чет элдик режиссерлордун эмгектери.

Фестивал салтанаттуу түрдө бүгүн Бишкектеги “Манас” кинотеатрында кыргызстандык режиссер Темир Бирназаровдун “Шайтан көпүрө” аттуу тасмасы менен ачылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG