Алардын ичинен 2 миңден ашууну чет өлкөлөрдөн келишкен. Мындай маалыматты “Сулайман Тоо” музей комплексинин жетекчиси Абдраим Тургунбаев тарыхый мурастарга этият мамиле жасоо тууралуу тегерек столдо билдирди. Ал ошондой эле тарыхый-этнографиялык мурастарга сырттан туристтерди арбын тартуу үчүн эң ириде алардын коопсуздугуна кам көрүү зарылдыгын белгиледи. Жыйындын катышуучулары экологияны жана тарыхый эстеликтерди сактоо, вандализмди жоюу да Сулайман тоого зыяратчылардын келүүсүн арбытарын айтышты.
Кечээ Ош шаарында болуп өткөн иш-чарага жергиликтүү бийликтин, күч кызматтарынын өкүлдөрү жана мугалимдер, тарыхчылар катышты.
Ош шаарынын чок ортосуна жайгашкан Сулайман тоодо 400дөн ашык петроглифтер, жазмалар жана сүрөттөр сакталып калган. Ошондой эле корукта Асаб-ин Бурхуя күмбөзү, орто кылымдагы мончонун калдыктары, Абдуллахандын мечити орун алган. Мынндай баалуулуктары үчүн ыйык жай ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген. (ZKo)