Американын президенти Барак Обама АКШ Сириядагы башкы оппозициячыл топту сирия элинин “расмий өкүлү” деп таанууну чечкенин билдирди. Ал ABC News телеканалына курган маегинде Сириядагы Оппозициялык кеңеш эл аралык коомчулук тарабынан мыйзамдуу бийлик катары таанылууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп айтты. Обама мындай чечим менен АКШ өкмөтү Сириянын Оппозициялык коалициясы жоопкерчиликти колуна алат, ошону менен бирге аялдардын жана азчылыктардын укугун сактайт деп ишенип жатканын кошумчалады.
Барак Обаманын бул билдирүүсү шаршемби күнү Мароккодо Сирия оппозициясына көмөк көрсөтүү жагын талкуулоочу жыйындын алдында айтылды. Сирия оппозициясынын жаңы түзүлгөн коалициясын Сирия элинин бирден бир расмий өкүлү деп таануу - Сирия оппозициясына чет элден жардам берүүгө жол ачат. (ZKo)