Аталган банк мындай сумманы Американын каржы мыйзамдарын бузганы үчүн жаза айып катары төлөп бермекчи. Бул банктын тарыхындагы эң чоң суммадагы жаза айып болуп эсептелет. АКШ бийлиги HSBC банкынын америкадагы бөлүмдөрү мексикалык наркобарондордун миллиондогон акчаларын адалдоого көмөктөшкөн, мындан тышкары АКШ тарабынан тыюу салынганына карабай Иранга, Ливияга, Суданга, Кубага жана Мьянмага каржы операцияларын жүргүзүүгө жардам берген деп айыптаган эле.
Банк соттук териштирүүгө чейин эле 1 млрд. 92 млн. доллар өлчөмүндө жаза айып төлөөгө макулдугун берди жана өзүнүн иш-аракеттери үчүн кечирим сурап, жоопкерчиликти мойнуна алды. (ZKo)
Банк соттук териштирүүгө чейин эле 1 млрд. 92 млн. доллар өлчөмүндө жаза айып төлөөгө макулдугун берди жана өзүнүн иш-аракеттери үчүн кечирим сурап, жоопкерчиликти мойнуна алды. (ZKo)