Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду


Мындай кабарды алгач Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдирди. Андан кийин жапон өкмөтү да өзүнө тиешелүү Окинава аралдарынын үстүнөн Түндүк Корея учурган ракета учуп өткөнүн маалымдады. Кабарларга караганда ракета Прага убактысы боюнча сатт 1:50 чамасында учурулган. Түштүк Корея буга байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту.

Азырынча шаршемби таңындагы ракета учуруу ийгиликке жетишкени белгисиз, анткени Түндүк Корея апрель айында учурган баллистикалык ракетасы абада учуп баратып кыйроого учураган эле.

Расмий Пхеньян болсо мурдараак ракета тынчтык мүнөздө гана, космоско спутник жайгаштыруу максатында учуруларын билдирген. Буга чейин Улуттар уюму, АКШ баштаган бир катар мамлекеттер Түндүк Кореяны ракета учурбоого чакырган. Байкоочулар ракета Түштүк Кореяда жана Жапонияда жакында болуучу шайлоолордун алдында учурулганын айтышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG