Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү


Залкар жазуучу, замандын улуу сүрөткери Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 84 жашка чыкмак. Бүгүн анын сөөгү жаткан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жазуучунун арбагына багышталып куран окулат. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата окуу жайларында, китепканаларда эскерүүлөр уюштуруулуда.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал Совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган. Социалисттик эмгектин баатыры жогорку наамына арзыган, СССРдин Ленин жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ошондой эле ондогон башка эл аралык сыйлыктарды алган, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин президенти Михаил Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Улуу жазуучу 80 жашка караган курагында, 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун сөөгү озүнүн керээзи боюнча атасынын сөөгү жаткан "Ата-Бейитке" коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG