Кубада онкологиялык оорусу үчүн дарыланып жаткан Венесуэланын президенти Уго Чавеске кечээ алты саатка созулган операция жасалды. Вице-президент Николас Мадуро операция узакка созулганы менен ийгиликтүү болгонун билдирди. Ал эми Чавес биротоло айыгып кетүүсү үчүн убакыт талап кылынарын да айтты.
Онкологиялык хирургдар 58 жаштагы Уго Чавеске акыркы бир жарым жыл ичинде ушуну менен төртүнчү жолу операция жасашты.
7-октябрда Уго Чавес 4-жолу 2018-жылга чейин Венесуэланын президенти болуп кайра шайланган. (ZKo)