Ош шаарында быйыл кыш түшкөндөн бери үй-жайсыз адамдардын төртөө каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош милициясынан кабарлашты. Былтыр да кышта он чакты адам бараар жери жок көчөдө тоңуп өлгөнү айтылууда. Ошто көчөдө калган адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай жок.
Азыр Ошто кар жааган жок, бирок өткөн түнү, синоптиктердин айтымында, абанын температурасы -5ке жетти. (ErN/RK)
Азыр Ошто кар жааган жок, бирок өткөн түнү, синоптиктердин айтымында, абанын температурасы -5ке жетти. (ErN/RK)