Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Жалал-Абадда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо долбоору башталды


Жалал-Абадда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча долбоор башталды. Бул багытта иш алып барган жергиликтүү “Либра” уюму бүгүнкү маалымат жыйында “Сорос-Кыргызстан” корунун каржылоосу менен “Электр жарыгы менен камсыз кылуунун сапаты” аттуу долбоордун экинчи жарымы башталганын жарыялады. Ал тогуз ай уланат.

”Либранын“ башчысы Лидия Линдоренко долбоордун 1-бөлүгүндө уюмга 162 адам
арызданганын, 32 адамга электр тармактар ишканасы түрдүү шылтоолор
менен 88 миң сомдук айыппул салганы туура эмес болгонун, акчаны ээлерине кайтаруу иши көйгөйлүү болуп жатканын билдирди.

Тармак өкүлдөрү бул маселени сот жолу менен чечүүнү сунуштады. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG