Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев пенсия албайт.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Социалдык фондунан кабарлашты. Мыйзам боюнча алар убагы келгенде тиешелүү документтерин топтоп, пенсия алууга арыз жазышы керек болчу. Андай арыздар Соцфондго түшкөн эмес, андыктан Акаевге да, Бакиевге да кыргыз өкмөтү учурда пенсия төлөгөн жок.
Кыргызстанда эркектер 63 жашка чыкканда, ал эми аялдар 58 жашында пенсияга чыгууга укуктуу.
Беларус президенти Александр Лукашенко кечээ, 11-декабрда Минскте журналисттер менен жолугушуу учурунда 2010-жылдын апрел окуясынан кийин Беларуста жашап калган Курманбек Бакиевдин пенсиясын ошол жакка которуп берүүсүн кыргыз өкмөтүнөн өтүнгөн болчу. (ZB/RK)