Расмий Москва Кошмо Штатардын Сириянын оппозициячыл коалициясын таанусу Араб мамлекетиндеги бийликти саясий жол менен алмаштырууну көздөгөн оболку келишимге каршы келет деп эсептейт.
Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун жаңы түзүлгөн коалицияны Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныганы ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. Бул кадам, Лавровдун айтышынча, АКШ коалициянын куралдуу жеңиши үчүн “баарын сайганын” көрсөтөт.
Президент Барак Обама шейшемби күнү АКШдагы ABC News телеканалына курган маегинде, Сириянын улуттук кеңеши жалпы сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп эл аралык коомчулук тааныганга татыктуу деген болчу.
Сирия оппозициясын колдоо маселесин Вашингтон жана союздаштары бүгүн Маррокодо болчу эл аралык жыйында да талкууламакчы.