Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Антитеррордук борборуна караштуу мекеме аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда негизинен Кыргызстандагы диний кырдаал, түрдүү диний агымдардын таасири талкууланды. Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон жарандарды камакта кармоо шарттары, алардын мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун себептери тууралуу да сөз болду. Ошондой эле жарылуучу, адамга катуу таасир берүүчү жана уу заттарды каттоого алып, көзөмөлдөө иши да талкууга алынды.
Жыйынтыгында жогоруда аталган багыттар боюнча иштөөнүн укуктук-нормативдик негиздерин жакшыртуу зарылчылыгы айтылды. Бул жаатта тиешелүү документтер иштелип чыкмай болду.
Кыргызстан мамлекет менен дин бири биринен ажыратылган республика болуп эсептелет. Ондон ашуун уюмдун ишмердүүлүгүнө өлкөдө террорчул-экстремисттик деген себеп боюнча тыюу салынган. (RK)