Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Даңазалуу музыкант Рави Шанкар көз жумду

Индиялык таанымал музыкант Рави Шанкар АКШнын Сан-Диего шаарында хирургиялык операциядан кийин дүйнө көчтү. 92 жаштагы шайырдын жүрөгү кысылып, дем алуусу кыйндап жаткан.

Рави Шанкар индустардын музыкалык аспабы - ситарды чебер ойноп атак-даңкка жеткен. Ал легендарлуу Beatle тобунун музыканты Жорж Харисонго ситар ойногондон сабак берген жана экөө 1971-жылы “Бангладеш үчүн концерт” долбоорун даярдашкан. Шанкар башка да атактуу Батыш музыканттары: виоленчелист Иегуди Менухин, саксафонист Жон Колтрейн менен миңдеген адамдардын алдында өнөрүн көрсөткөн. Америкалык жаз ырчы жана пианистка Нора Жонс - Рави Шанкардын кызы.

Индиянын премьер-министри Манмохан Синх Рави Шанкардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, маркумду “улуттук дөөлөт жана Индия маданиятынын дүйнөлүк элчиси” деп атады
XS
SM
MD
LG