Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Германия Кыргызстанга берген 8,5 млн. евро насыясын конвертациялайт


Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Германиядагы сапары аяктады. Президент Берлиндеги кыргыз элчилигиндеги маалымат жыйында сапар ийгиликтүү болгонун, билим берүү, саламаттыкты сактоо, Германиянын 8,5 млн. евро насыясын конвертациялоо же төлөө шартын өзгөртүү тууралуу келишимдерге кол коюлганын айтканын кабарчыбыз Шайырбек Эркин уулу билдирди.

Атамбаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, адам укуктары маселеси Германия лидерлери менен сүйлөшүүдө козголгонун, адам укуктары тууралуу кээ бир маалыматтар Евробиримдикке туура эмес жеткирилерин айткан. Президент ошондой эле Ош окуяларынан кийин Евробиримдик убада кылган 15 млн. евро берилбей жатканын жолугушууда эске салганын “Азаттыктын” өз кабарчысы билдирет.

XS
SM
MD
LG