Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Сууктан 64 киши каза тапты


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча былтыркы жана быйылкы суукта республика боюнча 64 киши каза тапты, алардын баары үй-жайсыз адамдар. Бишкектеги жана Чүйдөгү үй-жайсыз адамдарды кабыл алуучу жайларда орун калбаганына байланыштуу министрлик Төмөнкү Серафимовкадагы майыптардын интернатынан жана карылар үйүнөн төрт айга кошумча орун бөлүп берген.

Маалыматка ылайык, учурда жалпы өлкө боюнча үй жайсыз адамдарга убактылуу түнөк берүүчү тогуз жай иштеп жатат. Ал жерге кайрылгандарга бир маал ысык тамак берилип, медициналык кызмат көрсөтүлөт. Бишкекте үй-жайсыз адамдарды кышы-жайы кабыл алган “Коломто” түнөк жайынан тышкары Ленин районунда “Кайрымдуулук” борборунда үй жайсыз балалуу аялдар үчүн бир маал ысык тамагы менен түнөк берилүүдө.

Ош шаарында “Ак жүрөк” кризистик борбору жана “Сергий ата” борборлору үй жайсыз калгандарга убактылуу баш паанек беришет. Каракол шаарында Кызыл чырым уюму жергиликтүү бийлик менен бирге үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү жай ачууну көздөп жатканы айтылат.

Өткөн түнү Ош шаарында сууктан төрт киши набыт болгону кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG