Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Кыргызстандагы жабык жайларды реформалоо маселеси талкууланат


Жаза аткаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш бүгүн алдыдагы төрт жылдын Улуттук стратегиясын ишке ашыруу маселесин карайт. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүнкү иш-чарада эркинен ажыратылгандарга түзүлгөн шартты жана медициналык жактан камсыздоону жакшыртуу, жабык жайларда өндүрүш түзүү жана өнүктүрүү, кесилгендерди кесипке үйрөтүү жана жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин кесиптик жөндөмүн жогорулатуу маселелери каралат. Талкууга Евробиримдиктин, БУУнун маңзаттар жана кылмыштар башкармалыгынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG