Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Бенедикт XVI бүгүндөн тарта твиттерчилерге кошулду

Рим-католик чиркөөсүнүн адыйы - Бенедикт XVI 12-декабрда Твиттерге (Twitter) тунгуч ирет кат жазды. 85 жаштагы Папа Ватикандагы кабыл алуудан кийин планшетти (tablet) пайдаланып, сегиз тилде: англис, испан, италиян, француз, португал, немес, поляк жана араб тилдеринде твиттерчилерге кат жөнөттү.

Ватикандын маалымдашынча, келечекте Бенедикт XVI дагы башка тилдерде аккаунт ачат жана адамдардын ишеним тууралуу суроолоруна жооп берет. Бүгүн эле Папанын аккаунтуна (@pontifex) кошулган адамдардын саны 1 миллиондон ашып кетти. Буга ыраазы болгон Бенедикт анын аккаунтуна кошулган твиттерчилерге алкоосун айтты.
​
XS
SM
MD
LG