Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

“Газпром нефть Азия” күйүүчү майын арзандатты


Атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти тараткан маалымат боюнча “Газпром нефть Азия” ишканасы күйүүчү май баасын аталган департаменттин кайрылуусунан кийин арзандатты. Ага ылайык, аталган мекеме ишканага күйүүчү май баасын жөнгө салуу талабы менен кайрылган. Натыйжада жогорку октандык деп саналган АИ-98, АИ-95 үлгүсүндөгү жана АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 20 тыйынга, ал эми өтүмдүүлүгү жогору болуп жаткан АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 10 тыйынга арзандады.

“Газпром нефть Азия” Кыргызстандын күйүүчү май базарынын басымдуу бөлүгүн ээлейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG