Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

120дан көп өлкө Сирия улуттук коалициясын тааныды


120дан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жаңы түзүлгөн Сирия улуттук коалициясын Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныды. Бул жөнүндө “Сириянын досторунун” шаршемби күнү Маррокконун Марракеш шаарында болгон эл аралык жыйында жарыяланды. Кайрылууда президент Башар Асад “Сирияны мыйзамдуу башкара албай калганы” да белгиленет.

АКШ президенти Барак Обама шейшемби күнү Сириянын улуттук кеңеши жалпы сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп эл аралык коомчулук тааныганга татыктуу экенин айткан эле.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия улуттук коалициясын таанууну өлкөдө 20 айдан бери жүрүп жаткан кризисти басуу боюнча быйыл июнда Женевада макулдашылган келишимди бузуу деп атады. Бул келишим Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн бийликти тынч жол менен алмаштыруу сунуш кылынат.

XS
SM
MD
LG