Германия Кыргызстанга берген 8 жарым миллион евро карызын конвертациялоо боюнча келишимге кол коюлду. Андан сырткары билим берүү, саламаттык сактоо тармактарында кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. Президент “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, жолугушууларда адам укуктары боюнча маселе дагы талкууланганын белгиледи. Кыргызстандагы адам укуктары боюнча Европа биримдигинде тынчсыздануулар болгондугун, ошол эле учурда айрым маалыматтар бул жакка бурмаланып жеткенин, эми болсо тараптар аталган маселе боюнча бири-бирин түшүнүп, тил табышканын айтты.
Шейшемби күнү кечинде президент Атамбаев баштаган делегация Конрад Аденауэр кору уюштурган немис коомчулугу жана кыргыз диаспоранын өкүлдөрү катышкан жолугушууда болду. Кыргызстандагы саясий, экономикалык абал жана башка актуалдуу маселелер боюнча талкууда кыргыз президенти сөз сүйлөп, суроолорго кеңири жооп берди. Жолугушууга Европадагы таасирдүү адамдар катышып, Германия Бундестагынын мүчөлөрү келип сөз сүйлөдү. 2010-жылы Ошто болгон жаңжалдан кийин Евробиримдик Кыргызстанга 15 миллион евро финансылык колдоо убада кылган. Президент Атамбаев ошол каражат создуктурулуп, Кыргызстанга бериле электигин 2-3 жолу белгилеп айта кетти.
Сапардын экинчи күнү германиялык ишкерлер менен жолугушууда Кыргызстандагы экономикалык абал, ишкердиктин өнүгүүсү тууралуу ар кыл суроолорго жооптор берилди. Президент Атамбаев бул сапардан кийин эки өлкө ортосундагы алакалар өрчүп, башка деңгээлге чыгарына ишенерин айтты. (Шайырбек Эркин уулу, Берлин)