Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Казакстанда тыюу салынган басылманын редактору башка гезитти пайдаланганы үчүн айыпка жыгылды


Алматынын соту оппозициялык тыюу салынган “Голос Республики” гезитинин баш редактору Татьяна Трубачеваны “Азат” басылмасына макалаларын чыгарганы үчүн 100 доллар айыпка жыкты. Баш редактор соттун чечимине макул эместигин билдирди. “Голос Республики” гезити башка оппозициялык басылмалар сыяктуу эле экстремисттик деп табылып, сот аркылуу жабылган болчу.

Алматынын соту кечээ ошондой эле оппозициялык К+ телеканалына жана анын маалыматтарын жарыялаган эки веб-сайт менен кошо бир басылмага да тыюу салды. Сот чечиминде К+ телеканалы өзүнүн веб-сайттары менен кошо “Казакстандын мыйзамдарына каршы келген” маалыматтарды таратат деп айтылды.

К+ телеканалы Казакстандан тышкары жайгашканына байланыштуу берүүлөр интернетте жана спутник аркылуу каналдарда улана берери айтылууда.

Өткөн айда казак бийлиги тарабынан бир нече оппозициялык басылмалар, веб-сайттар жабылган. Бийликтин бул аракетин Казакстандын Журналисттер союзу, “Адил сөз” кыймылы жана башка бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндигин кысуу катары айыпташкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG