Иран бийлиги менен сүйлөшүү бүгүн Тегеранда болот. Алдын ала маалымдалгандай, МАГАТЭ Иран бийлигинен өзөктүк программа тууралуу толук маалымат берүүсүн талап кылары күтүлүүдө. Уюмдун өзөктүк иликтөөлөрүн жетектеген Херман Накерц өзүнүн командасы Иран уруксат берсе, Парчин аскердик жайына барууга даяр экенин билдирди:
- Биздин максат Ирандын аскерий өңүтү бардыгы ыктымал өзөктүк программасына байланыштуу чечилбей келаткан маселелерди чечүү. Ошондой эле Иран бизге Парчин аскердик аймагына барууга уруксат берет деп үмүттөнөбүз, андай болсо биз ал жакка барууга даярбыз.
МАГАТЭ Парчин аскердик аймагында Иран өзөктүк дүрмөттөрүн сынайбы деп шек санап келет.
Уран байытуу программасынан баш тартпаганы үчүн АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иранга буга чейин бир канча санкцияларды киргизишкен.
Эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.(ZKo)