Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

АКШ коргоо министри Ооганстандын президенти менен жолугушат


Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуу бүгүн Кабылда болот. Коргоо министри Леон Панетта Ооганстандын борборуна кечээ келген. Анын сапары Ооганстандан антитеррордук альянстын аскер күчтөрү чыгарылып кеткенден кийинки кырдаалды талкуулоо максатында болуп жатканы айтылууда. Маалыматтарга ылайык, Вашингтон 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун күчтөрү чыгарылып кеткенден кийин өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыз кылуу, "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдардын күчтөнүп кетүүсүн алдын алуу максатында өзүнүн алты миңден он миңге чейинки аскерин Ооганстанда калтырууну көздөйт.

АКШ коргоо министри кечээ кечинде Кабылда НАТОнун башкы командачысы Жон Аллен жана башка командирлер менен чогуу тамактанды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG